Пайдалуу кеңештер

Сиз билесизби? Телефондун жарыгы көрүүнү эле начарлатпастан зат алмашууну да бузат

Россиянын окумуштуулары караңгыда көзгө тийген көк түстөгү жарык семирүү ыктымалдуулугун жогорулата турганын далилдешти.

Илимий эмгектин авторлорунун биринин айтымында, ноутбук, телефон, телевизор болобу, айтор, бардык жарык берген нерседен бөлүнүп чыккан көк түстөгү жарык көрүүнү начарлатып, уйку режимине терс таасир эткенден тышкары организмде зат алмашуунун бузулушун да шарттайт.

«Алынган маалыматтардын негизинде биз 21 сааттан кийин смартфон, компьютер жана башка электрондук буюмдарда көк түстөгү жарык фильтрин күйгүзүүнү сунуштайбыз. Изилдөөлөр көк түстөгү жарык аз тийсе да метаболизмди бузуп, салмак кошууга алып келиши мүмкүн экенин далилдеди», — деген окумуштуулар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button