Пайдалуу кеңештер
Чипсыны көп жеген ден соолукка зыян

Чипсыны тез-тез колдонуу дене салмагынын көбөйүшүнө жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучунун жогорулашына алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу дарыгер-терапевт Иван Еременко РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, чипсынын бир таңгагында көп өлчөмдө туз жана каныккан майлар болушу мүмкүн. Аларды тез-тез колдонуу кан басымдын жогорулашына, дене салмагынын көбөйүшүнө жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучунун өсүшүнө себеп болот.
Дарыгер чипсынын түрүнө карабастан, аны өтө көп жана тез-тез жебөө керектигин белгиледи.
Ошондой эле адис чипсы жашылчаларды жана туура тамактануунун башка маанилүү азыктарын алмаштыра албасын баса белгиледи.



