Коом
ӨКМ: Өлкө аймагында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

25-апрелден 30-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди
Кооптуу тилкелер:
-Бишкек — Ош унаа жолу, Төө-Ашуу (121–138-чакырым);
-Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад жолу, Көк-Арт ашуусу (326-349-чакырым);
-Каракол — Эңилчек жолу, Чоң-Ашуу (70–90-чакырым).
ӨКМ жолдор тайгак болуп, муз тоңорун, айдоочулар унаалардын ортосунда кеминде 500 метр аралыкты сактоосу зарылдыгын эскертти.



