Саясат

Садыр Жапаров: Дүйнө Кыргызстанды жаңы деңгээлде көрө баштады

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында ири эл аралык иш-чараларды өткөрүү Кыргызстандын эл аралык аброюн жогорулатып, өлкөнүн аймактык жана дүйнөлүк процесстердеги ролун бекемдегенин билдирди.

Мамлекет башчысы акыркы күндөрү Кыргызстанда бир катар маанилүү эл аралык иш-чаралар өткөнүн белгиледи. Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын юбилейлик саммити, ошондой эле «ШКУ+» жогорку деңгээлдеги жолугушуусу өттү.

Мындан тышкары, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары жана Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шарифтин расмий сапары болду.

Жапаровдун айтымында, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да жогорку деңгээлде өткөрүлүп, анын аркасында Кыргызстан дүйнөлүк саясий, маданий жана спорт коомчулугунун көңүл чордонунда болду.

Президент Кыргызстандын 2025–2026-жылдары ШКУга төрагалык кылышы өлкөнүн көп тараптуу дипломатиясы үчүн маанилүү этап болгонун белгиледи.Анын айтымында, бул мезгилде коопсуздук, туруктуу өнүгүү, транспорт, соода-экономикалык кызматташтык, энергетика, санариптештирүү жана гуманитардык байланыштар боюнча иштер жүргүзүлдү.

«Дүйнө Кыргызстанды жаңы деңгээлде жана жаңы сапатта көрө баштады. Өлкөбүзгө болгон кызыгуу жана ишеним өсүүдө», — деди Жапаров.

Ал Кыргызстанга карата эл аралык көңүл буруунун күчөшү өлкө үчүн ошол эле учурда чоң мүмкүнчүлүк да, чоң жоопкерчилик да экенин баса белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button