Пайдалуу кеңештер

Пайдалуу кеңеш. Көздүн алды, кол-бут эмнеден улам шишийт?

Шишик таттууну, тузду көп жегенден, суунун тийиштүү нормасын ичпегенден да болору айтылды.
Көздүн алды, беттин шишип калышы, байпактын резинасынын издери бутка түшүп, колго шакектин тагылышы кыйындаган абал суюктуктун организмде туруп калышынан кабар берет.

 «Шишик – бул калкан безинин начар иштешинен пайда болот. Тагыраагы, адамдын рационунда белок жетишсиз болуп, туз менен глюкозанын көбөйүшүнөн улам жаралган абал. Адам диета кармабай таттуу, туздууларды ашыкча жегенде организмден суюктуктун чыгышы кыйындайт», — деп түшүндүргөн дарыгер.

Дарыгер шишиктен арылуу үчүн адегенде калкан безинин иштешин жөнгө салуу кажет экенин, андан кийин тамактанууну иретке келтирүү зарылдыгын айткан.

«Адам салмагын азайтуу аракетин көрүп, калкан безинин иштешин текшертип, рационунда белокту көбөйтүп, туз, кумшекерди азайтса шишик акырындан тарайт. Тузду суткасына беш граммга чейин колдонуу — норма. Бирок ошол эле учурда түрдүү соустарда, майонез, кетчупта, дүкөндөрдөн сатып алган азыктарда да туз бар экенин эске алуу зарыл. Таттуулар, камырдан даярдалган азыктар, газдалган шире суусундуктар жана спирт ичимдиктери да организмге керексиз болгон кошумча глюкоза», — деген диетолог.

Адис организм үчүн суунун маанилүүлүгүн да эскертип, анын күнүмдүк нормасын бузбоого чакырды. Айтымында, суунун суткалык нормасы — бир килограмм салмакка 30 миллилитр. Эгерде биз сууну аз ичсек организм суюктукту денеден чыгарбай кармаганга аракет кылат деп түшүндүргөн адис.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button