Коом
Камчы Көлбаевдин бир тууган иниси Дзюдо федерациясынын башчысы кызматынан кетти

Жолдошбек Көлбаев федерацияны 2016-жылдан бери жетектеп келген.
Анын ордуна Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев барды. Ал Париж олимпиадасы (2024-ж.) болуп өткөнгө чейин федерация президентинин милдетин аткарат.
Конгантиев дзюдо жана самбо боюнча спорттун чебери, 10 жылдан бери ушул эле спорттук уюмдун вице-президенти болуп турган.



