Окумуштуулар төрт миң жыл мурда өлүп жок болгон мамонтторду тирилткен жатышат

Бул илимий эксперимент тууралуу Pulse.mail.ru жазып чыкты.
Мамонттор — пилдердин тукумуна кирген жаныбарлар. Алар Жерде 5 миллион жыл мурда Африкада пайда болушкан. Бийиктиги 5,5 метрге, салмагы 14-15 тоннага жеткен. Бул жаныбарлардын көпчүлүгү 14-10 миң жыл мурда өлүп жок болгон деп саналат. Жүнү узун мамонттордун калдыгы Арктиканын (жер шарынын түндүк уюлга жакын чөлкөмү) адамдын буту баспаган аралдарында 4000 жыл мурда жашаганы белгилүү. Эми, миңдеген жылдардан соң адамзатта кайрандан Жер бетинде бул жаныбарларды көрүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Гарварддын генетиги Джордж Черч өлүп жок болгон жүндүү мамонтту эске салган пилди жаратуу максатында түзүлгөн жаңы компаниянын биргелешкен негиздөөчүсү болуп калды. Colossal атту компания өлүп жок болгон жаныбардын ДНКсынын негизинде артикалык климатта өзүн эң сонун алып жүрө ала турган гибриддүү азиат пилин жаратууну көздөп жатат. Colossal компаниясынын узакка кетүүчү максаты — бүгүнкү тундранын мох баскан жерлерин плейстоцен доорундагыдай (акыркы 2,6 миллион жылды кучагына камтыйт) кайрадан чөптүү талааларга айлантууну көздөйт. Гибриддүү пилдер буга көмөк көрсөтүүлөрү керек. Кээ бир окумуштуулар, кеңири масштабда бул процесс болочокто Арктиканын түбөлүк тоңунун ээришин басаңдата турган — демек климаттын өзгөрүүсүн азайтуучу кудуретке ээ деп эсептеп жатышат.



