Коом

Өлкөдө тоолуу аймакта жашаган 28,5 миң бала жөлөк пул алат

Кыргызстанда 2026-жылдын 1-майына карата «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» аттуу ай сайын берилүүчү жөлөк пулду алган жарандардын саны 28 миң 538 адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жөлөк пул бийик тоолуу, алыскы жана өзгөчө макамдагы чек ара аймактарында жашаган үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоо максатында берилет.

Жөлөк пул үчүнчү жана андан кийинки балдарга, ошондой эле бала 3 жашка чыкканга чейин ата-энеси менен чогуу жашаган шартта дайындалат. Үй-бүлөнүн кирешеси жана социалдык абалы эске алынбайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button