Каракол шаарында Ысык-Көл ОИИБдин гарнизондук бөлүштүрүү иш-чарасы болуп өттү

Бүгүн, 20-мартта Каракол шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына карата Ысык-Көл ОИИБдин гарнизондук бөлүштүрүү иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, Каракол шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана облустун коомчулугу катышышты.
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Орунбай Кочкоров өздүк курамдын көңүлүн кызматтык милдеттерин абийирдүү аткарууга, коомдук коопсуздукту сактоо, мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча чараларды күчөтүүгө, жарандарга карата сылык жана кылдат мамиле жасоого бурду.
Облустук милициянын башчысы Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбековдун милициянын элге сервистик кызматтык моделин мындан ары ишке ашыруу жана коомчулукка жеткиликтүүлүгү боюнча берген тапшырмасына өзгөчө көңүл бурду. Башкармалыктын башчысы милиция кызматкерлерине маанилүү милдеттеринин бири – кылмыштуулук менен күрөшүү гана эмес, күндүн кайсыл мезгили болбосун, элге жакын болуп, коопсуздук маселелерин биргелешип чечүү үчүн ар дайым жардам көрсөтүүгө, калк менен ишенимдүү мамиле түзүүгө даяр болууну эскертти.
Иш-чара Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын салтанаттуу маршы менен аяктады.



