Коом

Акыйкатчы соттолгон аялды балдары менен жолугуштурду

Акыйкатчы институту соттолгон аялга туугандары менен жолугушууга жардам берди. Бул тууралуу аталган аппараттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыйкатчы институтунун кызматкерлери №2 абагына барганда, А.Г. аттуу соттолгон аял эки жылдан бери көрө элек балдары, неберелери менен жолугуштурууну суранган.

“Белгилүү болгондо, абактагыларга жолугуу үчүн келген жарандар ПЦР тестин жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Акыйкатчы Токон Мамытов аз камсыз болгон бул үй-бүлөнүн балдары медициналык процедурага акча төлөй албасын эске алып, үч өспүрүмдүн коронавируска тест тапшыруусуна жардам берди. Натыйжада, аталган соттолуучунун балдары жана неберелери аны менен көрүшкөн”, – деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button