Коом

Баткенде “Агроснабтехсервистин” мүлкү мамлекетке кайтарылды

Баткен – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жүргүзгөн тергөө-оперативдик иш-чаралардын алкагында, Баткен шаарындагы 2,26 гектар жер тилкеси жана “Агроснабтехсервис” мүлктүк комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды.

Текшерүү учурунда бул объект мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Тиешелүү маалыматтар “Кылмыштардын бирдиктүү реестринин” эсепке алуу журналында катталып, натыйжада “Базар Башы” ЖАКтын жетекчилиги өз аракеттерин мыйзамсыз деп таап, мүлктү ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп берди.

УКМК мындан ары да мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объекттерин жана жер тилкелерин аныктоо иштерин улантат.

Тектеш кабарлар

Back to top button