Коом

Кийинки жылдан тарта ЖОЖдор сырттан окууга кабыл албайт

Кыргызстанда 2026-2027-окуу жылынан баштап жогорку билим берүү системасында сырттан окутууга чектөө киргизилет. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлык «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.

Анда келерки окуу жылынан баштап менчигинин түрүнө, кайсы мекемеге таандык экенине жана макамына карабастан жогорку кесиптик окуу жайлардын сырттан окуу бөлүмүнө кабыл алуу токтотулары айтылган.

«Университеттер дистанттык-санариптик формага өтүшү керек. Бул билим берүүнүн сапатын жогорулатып, формалдуу мамилени кыскартат жана коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтөт», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми буга чейин сырттан окуу бөлүмүнө тапшыргандарга окуунун ушул формасы менен университетти аяктап, диплом алууга мүмкүнчүлүк берилерин Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрилигинен билдиришти.

Тектеш кабарлар

Back to top button