Коом

Бишкек жана Чүйдү газдаштырууга 1,4 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга 1,4 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеңилдетилген насыя аталган аймактарды газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында «Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2» долбоорунун алкагында «Айыл Банк» жана «РСК Банк» ААК тарабынан берилүүдө.

Белгиленгендей, кредиттөөнүн көлөмү 1 млрд сом суммасын түзөт.

2024-жылдын 25-апрелине карата бул долбоордун алкагында 10 каржылоо субъекттерине 1,4 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button