Коом

Ош Эл аралык аэропортто ок- дары алып жүргөн жаран кармалды

2024-жылдын 6-январь күнү Өзгөн районунун 2004-жылы туулган тургуну М.уулу Б. Ош Эл аралык аэропорту аркылуу Россия Федерациясына учуп кетүү үчүн келип, текшерүүдөн өтүп жатканда анын сумкасында 1 даана белгисиз калибрдеги патрон жана 1 даана кастет бар экендиги аныкталган.


Бул факты Ош облустук ички иштер башкармалыгына каттоого алынып, тийшитүү текшерүү иштери башталган.


Белгисиз калибрдеги патронго жана кастетке тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Эскпертизанын корутунудусуна ылайык, патрон- АКС-74, АКС-74У, АК-74 жана РПК-74 автоматтарына колдонулуучу 5,45 калибрдеги атууга жарактуу ок экендиги аныкталган.
Топтолгон материалдын жана экспертизанын корутундусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү М.уулу Б. тергөө кызматына камсыз болду.


Учурда окту кайдан алгындыгы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button