Коом

Кыргызстан билим берүү тармагына 40 млн доллар насыя алат

Жогорку Кеңеш Азия өнүктүрүү банкынан билим берүү тармагына 40 млн доллар алуу жана мектептерди 12 жылдык билим берүүгө өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды,  деп жазды “Акчабар” маалымат агенттиги.

Документке 2023-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган. 

Кыргызстан бул сумманын жарымын насыя, жарымын грант катары алаары күтүлүүдө.

Каражаттар төмөнкү максаттарга жумшалат. 

  • жаңы программалар боюнча сабак бере турган 10 миң мугалимди даярдоо;
  • инновациялык мектептердин тармагын кеңейтүү — алардан дагы 23 болушу керек;
  • так, табигый жана техникалык илимдерди үйрөнүү үчүн зарыл болгон жабдууларды модернизациялоо.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button