Окуялар

Бостеридеги үрөй учурган жол кырсык. Милиция үн катты

Бостеридеги жол кырсыгынан үч адам жабыркап, бирөө кайтыш болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ эртең менен саат 7:10дор чамасында Mercedes-Benz менен Киа К7 үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.

«Жол кырсыгынан Киа К7 үлгүсүндөгү унаадан эки киши жабыркаган. Ал эми экинчи машинанын айдоочусу жаракат алып, бир жүргүнчүсү окуя болгон жерден көз жумган», — деп айтылат кабарда.

ЖКККББ ушундай жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн жарандардан эреже бузгандарды (0777) 102-102 номерине кабарлап коюуну өтүнгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button