Вице-мэр: Бишкекте коронавирус илдетин жугузуп алуу коркунучу жогору бойдон калууда

Борбор каалабыз Бишкекте коронавирус жуктуруп алуу коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.
“2020-жылдын 4-июнуна карата, Бишкек шаарында лабораториялык изилдөө менен коронавирус 499 адамда тастыкталды. Алардын 77си четтен келген жана 422си байланышта болгон жарандардан аныкталган. Медициналык көзөмөлдө 155 адам турат. Ага карабастан, айыгып ооруканадан чыгарылган бейтаптардын саны да жогору болуп – 300 адамга жетти”,- дейт ал.
Брифингдин спикери шаардыктарды өздөрүнүн жана жакындарынын ден соолугун сактоого, бет кап тагынууга, социалдык аралыкты жана санитардык ченемдерди аткарууга чакырды. Бардык уюмдардын, дүкөндөрдүн жана кафелердин жетекчилери кызматкерлердин жана кардарлардын коопсуздугу үчүн санитардык талаптарды сактоо боюнча жоопкерчилик алаарын баса белгиледи.
Abal.kg



