Окуялар

Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жатып кармалды

Оң чечим чыгарып берем деп пара талап кылган Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жатып кармалды. Бул тууралуу УКМКнны басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 11-сентябрында «Ж.З.» аттуу КР жаранынан келип түшкөн кайрылуусунун алкагында КР УКМК башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүшкө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Такталгандай, Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы «А.Ж.С.» экинчи тарапка оң чечим чыгарып берүү боюнча «Ж.З.» аттуу жарандан акча каражатын талап кылган.

2020-жылдын 14-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы «А.Ж.С.» талап кылган акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button