Окуялар
Милиция унаасы менен качкан айдоочуну кууп жетип, ур-тепкиге алган — ВИДЕО

Ош ОИИБи боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн окуя 17-июнда саат 09:30 чамасында Кара-Суу шаарында болгонун билдирди деп жазды “Кактус” медиа агенттиги.
Милициянын маалыматы боюнча, Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаанын 19 жаштагы айдоочусу жол чырактын кызыл белгиси күйүп турганына карабай өтүп кеткен. Айдоочу инспекторлордун талаптарына баш ийбей койгон. Буга байланыштуу инспектор айдоочуну кууп, Ленин көчөсүнөн кармаган.
Унаа айып токтотуучу жайга токтотулуп, айдоочу айыпка жыгылган. Ал эми инспектордун аракети боюнча кызматтык иликтөө дайындалып, жыйынтыгы чыга элек.
Булак: «Кактус медиа»