Коом
Мэрия токтоп турган унааларды эвакуациялоодо

Бишкекте транспорт каражаттарын эвакуациялоо боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Биринчи май районунун аймагындагы жолдор, короолор, унаа токтотуучу жайлар жана техникалык тейлөө станциялары текшерилди. Анда 1 айдан 5 жылга чейинки мөөнөттө токтоп турган 9 унаа эвакуацияланды.
«Эвакуатордун чыгымдары ташталган унаалардын ээлерине жүктөлөт», — деп эскертет мэрия.



