Ош шаарында опузалап акча талап кылган жаран кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына И.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, мурунку сүйлөшкөн кызынын ажырашып кеткен күйөөсү тарабынан опузалап акча талап кылып жатканын билдирип, чара көрүп берүүнү суранган.
Алынган маалыматтарга ылайык, 2024-жылдын 24-июнунан тартып ушул күнгө чейин арыздануучунун мурунку сүйлөшкөн кызынын ажырашып кеткен күйөөсү, ага телефон чалып, тойго кетирген 150 миң сом акча каражатын кайтарып берүүнү талап кылып, балдарга сабатып, өлтүрүп кетемин деп опузалап акча талап кылып жаткандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, 2024-жылдын 17-июнунда Ош шаарында 40 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын арыздануучудан алып жаткан жеринен 1991-жылы туулган К.А. кармалып, Ош ШИИБдин Ак-Буура МБнын Тергөө кызматына жеткирилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



