Саясат
Кыргызстан дипломатиялык кызматкерлер үчүн чет өлкөлөрдөн имарат сатып алат

Бул тууралуу Садыр Жапаров Франциядагы элчиликтин имаратына барганда билдирди. Буга чейин элчиликтегилер 53 чарчы метр аянттагы кеңседе отурушса, эми алар жаңы сатып алынган жерге (аянты 320 чарчы метр) көчүшкөн.
Президент “өлкөнүн эгемендик жылдарында чет өлкөдөгү мүлктү ижарага алууга кеткен суммага өз имараттарын сатып алса болмок” деп белгиледи.
Өлкө башчы ТИМ Венгриядан имарат алганын, Швейцария, Австриядан жана Новосибирск шаарынан кыймылсыз мүлк сатып алуу иштери жүрүп жатканын билдирди.
Ал эми Нью-Йорк менен Берлинде дипломатиялык миссиялардын кызматкерлери үчүн кызматтык батирлерди алуу пландалууда.



