Саясат

Мадумаровдун ордуна Аккулу Бердиев депутат болду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун бошогон мандаты «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесиндеги Аккулу Бердиевге тапшырылды. Тиешелүү чечимди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү  23-августтагы отурумда бир добуштан кабыл алды.

Аккулу Бердиев 2015-жылы «Республика-Ата Журт» партиясынан шайлоого катышып, 2020-жылдын октябрында мандат алган. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы тараганга чейин депутат болуп иштеп, 2021-жылкы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесинде 15-катарда катышкан.

Быйыл 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчы Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калтырылган. Жети ай Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Мадумаров соттун чечимине 26-апрелге караган түнү боштондукка чыккан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button