Коом

Балдарга БАДдарды берүүдөн баш тартыңыз, — педиатрдын кеңеши

Акыркы учурда тамак-аштын сапатына көңүл буруунун ордуна, балдарын кошумча витаминдер, БАДдар менен шыкаган ата-энелер көбөйүүдө. Мындан улам Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар дарыгери Жанайым Эсенбек кызынан биологиялык активдүү кошулмалардын баланын ден соолугуна канчалык деңгээлде пайда жана зыяны бардыгын сурадык.

“Балага витаминдүү тамак – аш керек. Кыргызстанда негизинен балдарда йод, темир, Д витамини жетишсиз болот. Бирок жетишсиз экен деп эле ар кандай витаминдерди, БАДдарды бере берген болбойт. Биологиялык активдүү кошулмалар дары каражаты болуп эсептелинбейт, демек, анын курамы жогорку деңгээлде текшерилбейт. Ошондуктан аны каалагандай ичире берүү менен баланын боор жана башка органдарына зыян тийгизип алышыбыз мүмкүн. Эгерде балада кайсы бир витаминдин жетишсиздиги анализ аркылуу аныкталса, анда врачтардын көзөмөлү менен гана ошол жетишпей жаткан витаминди ичирүүгө болот.

Эң жакшысы витаминди тамак-аш менен толуктоо. Балага тамак берип жатканда, ар бир порцияда белок, углевод жана май болушу керек. Жашылча-жемиштер аркылуу витаминдин ордун толуктоого болот”, — дейт дарыгер.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button