Коом

Муфтият: Быйыл ажылык сапарга баруу 3750 долларды түздү

2024-жылдагы ажылык сапарга баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 3 миң 750 долларды түздү. Төлөмдөр 27-февралдан 4-мартка чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

«Ажыга барууга 2 миң долларды төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер 27-февралдан 4-мартка (4-мартты кошо эсептегенде) РСК Банктын иштөө убактысынын бүтүшүнө чейин калган 1750 долларды төлөшү керек», — дешти.

Былтыр ажылык сапар 3900 доллар болгон. Ал эми мурдагы жылы 4500 доллар болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button