Окуялар

Таксистке 14 ирет бычак урган деп өспүрүм бала кармалды

Таксистке 14 жолу бычак сайган деген шек менен өспүрүм бала кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Шектүү жашы жете элек жаран болгон, бирок канча жашта экени так айтылган жок. Тергөө жүрүп жатат.

Буга чейин өспүрүм Туңгуч кичи районунан такси жалдап Новопавловка айылына жеткирүүнү суранганы кабарланган. Аны айткан дарегине алып баргандан кийин бычагын чыгарып айдоочуга кол салган. Кылмышкер унаанын ачкычын алууга аракет кылган, бирок таксист каршылык көрсөтүп моюн берген эмес. Аягында өспүрүм качып кеткен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button