Дүйнө

Россияда кыргызстандык киши өлтүргөнү үчүн 20 жылга кесилди

Ставрополдо сот кыргызстандыкты 20 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим кабыл алды. Ал киши өлтүрүүгө айыпталган. Бул тууралуу Россиянын Тергөө комитетинин тергөө башкармалыгы билдирген.

Андагы маалыматка таянсак, кыргызстандык курал-жаракты мыйзамсыз сактоого, кол салууга жана киши өлтүрүүгө айтыпталган.

Ал эми жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт.

Тергөөдө айтылгандай, 2018-жылы Левокумск айылындагы үйлөрдүн биринде кыргызстандык менен ал өлтүрдү делген аялдын инисинин ортосунда чатак башталган.

Чатак учурунда айыпталуучу каршылашын, өзүнүн жарандык никедеги аялын жана анын апасын атып салып качып кеткен.

Айыпталуучуга эл аралык издөө жарыяланган. 2023-жылы Москвадан кармалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button