Кимдир бирөөгө көп эмгектенүүгө туура келет: 16-сентябрга гороскоп

Бул күн чыгармачыл жаңы ачылыштарга жагымдуу күн. Адамдар искусстводон, жаратылыштан, ал турмак жөнөкөй нерселерден да ырахаттануу таба алышат. Башкысы ички сезимдериңизге таянып, аны коркпостон жана шектенбестен ээрчиңиз. Ар кандай маселелерди тынчтык жолу менен чечип, уруш-талаштан оолак болууга шарт түзөт. 16-сентябрь жемиштүү болууну убадалоодо, бирок бир шартта: шашпай, токтоолук менен алдыга жылыңыз.
Кой. Кризистик кырдаал жакындап калганын сезсеңиз, башыңызды бийик көтөрүп, унчукпай коюңуз. Жеңиш сиз тарапта болот.
Букачар. Өзүңүздү кармап кыжырыңызга тийгендерге жооп кайтарбаңыз.
Эгиздер. Өзүңүз менен алектенсеңиз эң сонун жыйынтык алып келет.
Бөйөн. Тайсалдабаңыз, бардык нерсени ысык кезинде согуңуз.
Арстан. Жүрөк каалоолору бүгүн акылга сыя турган иштерге алып келбейт.
Бийкеч. Акылдуулук менен акчаны сарптасаңыз абдан чоң ырахаттануу аласыз.
Тараза. Жумуштан эрте кетүүгө бардык мүмкүнчүлүктү колдонуңуз.
Чаян. Сиздин ойлоруңуз бүгүн кимдир бирөөнү таң калтырышы мүмкүн.
Жаачы. Бүгүн күбө болгон окуяңызга таң калбай эле коюңуз, анткени келечекте болчу окуялардын алдында бул жөнөкөй эле нерсе.
Текечер. Достор менен жолугушуулардан бүгүнчө баш тартып, үйдө эле болгонуңуз оң.
Суу пери. Бүгүн көбүрөөк эмгектенүүңүзгө туура келет, аны кабыл алыңыз.
Балык. Бул күнү сизде уйкуга да, жалкоолукка да убакыт артпайт.



