Спорт
Валентина Шевченко Алекса Грассону жеңип, UFC’нин чемпиондук курун кайтарып алды
14-сентябрдан 15-сентябрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарындагы «Сфера» аренасында UFC 306 турнири өттү.
Анда кыргызстандык Валентина Шевченко менен мексикалык Алекса Грассо беттешти.
Таймаш 5 раундга созулуп, Шевченконун жеңиши менен аяктады (50-45, 50-45, 50-45). Муну менен ал UFC чемпиондугунун курун өзүнө кайтарып алды.
Бул эки спортчунун ушуну менен үчүнчү ирет кез келиши.
2023-жылдын март айындагы UFC 285 турниринде Грассо жеңишке жетишкен.
Ал эми сентябрь айында UFC Fight Night 227 турнириндеги реваншта кармаш тең чыгуу менен жыйынтыкталган.
Жалпысынан Шевченконун 23 жеңиши, 4 утулуусу жана бир тең чыгуусу бар.
Ал эми Грассодо — 16 жеңиш, 4 утулуу жана бир тең чыгуу бар.