Мигранттардын пенсиясы кандай болот?

ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеп жаткан кыргызстандыктар эгер ошол өлкөнүн мыйзамдарына ылайык пенсиялык төлөмдөрдү төлөп турушса, пенсия алуу укугуна жетишет. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Айтымында, Кыргызстанда туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп жүрүшсө, Кыргыз Республикасынын жарандарындай эле пенсия ала алышат. Бул эл аралык келишимдерде башкача каралбаган учурда.
Ошол сыяктуу эле ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеп жаткан кыргызстандыктарга дагы ушундай шарттар түзүлөт. Башка өлкөдө иштеп, мыйзамдуу төлөмдөрдү төгүп жүрүп пенсияга чыккан кыргызстандык кийин өз жерине көчүп келген учурда дагы башка өлкөдө иштеген жылдарына ылайык пенсия ала алат.
Андан сырткары Кыргызстан пенсиялык келишимди Түркия жана Түштүк Корея менен түзгөн.



