Коом
Кыргызстанда «Бурана – Баласагын» этно шаары салынат
Бул тууралуу маданият министри Алтынбек Максутов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, шаар байыркы заманды чагылдырган тарыхый-архитектуралык музей комплекси болот.
«Бул чоң долбоор. Этно шаарды салууга азыр ылайыктуу 10 гектар жер издеп жатабыз. Жер шаарга чукул болсун деп Бишкектин чекесинен эле каралууда. Аны салууга 30 млн доллардан 50 млн долларга чейин каражат сарпталат. Ичинде ар улуттун ашканасы, ресторан, эс алуу жайлары да жайгашат. Долбоор боюнча абдан кооз шаар болот», — деди Максутов.
@abal-kg