ТАСС: Акаев ЖК депутаттары арызын четке какканын комментарийлөөдөн баш тартты

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев парламент ага экс-президент макамын кайтарып берүүдөн баш тартканын комментирлебейт, деп жазды ТАСС.
Аталган маалымат агенттиги мурдагы президент менен телефон аркылуу байланышкан.
«Парламенттин ишин жана аракетин комментарийлебейм», — деген Акаев.
Эске салсак, ушул жуманын шейшембисинди Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүм, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Жогорку Кеңешке Акаевдин арызын канааттандырбоону сунуштаган. Акаевдин арызы парламентке 3-сентябрда келип түшкөн.
Шаршемби күнү парламенттин пленардык жыйынында мурдагы президенттин арызы каралып, четке кагылды. Башкача айтканда эл өкүлдөрү Акаев экс-президенттик макамды алууга татыксыз деп табышты.
Аскар Акаев 2005-жылдан бери Москвада жашайт жана Москва мамлекеттик университетинде иштейт. Кыргызстанда ага карата кылмыш иши козголгондуктан узак убакыттар мекенине келе алган эмес. 2021-жылдын августунда гана өзү фигура болгон кылмыш иштери боюнча көрсөтмө берүүгө өлкөгө келген. Андан соң ага тагылган айыптын баары алынган.



