Мээни өлтүрө турган адаттар. Биринчиси — алкоголь
Врач-невролог Анастасия Тарасованын айтымында, баш мээнин абалы адамдын жашоо образынан түз көз каранды. Мисалы, аз кыймыл, туура эмес тамактануу жана алкоголду ченеминен ашык ичүү.
Дарыгердин айтымында, сергек жашоо образын карманбоо ой жүгүртүү активдүүлүгүн гана азайтпастан, күтүүсүз өлүмгө да дуушарлантышы мүмкүн.
«Алкоголду күн сайын, жада калса аз өлчөмдө да кабыл алуу ден соолукка олуттуу сокку урат. Терс адаттарга маңдайкы бөлүк жана мээче (ой жүгүртүүгө жана кыймылды жөндөөчү ) өзгөчө сезимтал болот. Ошондуктан мас адам тең салмактуулугун сактай албайт жана бирдемени ойлоно албайт.
Спирт ичимдиктерин ичүү инфаркт жана инсульт коркунучун көбөйтөт. Ошондой эле, туура эмес тамактануу дагы адамдын ден соолугуна таасирин тийгизет, анткени тамак-аш менен кошо адам организмине нерв системасы үчүн алмаштыргыс болгон В тобундагы витаминдер барат.
Холестерин тууралуу айтсак, анда көп өлчөмдө болгондо ал артериянын капталына, ошол эле убакта баш мээсинин, жабышат дагы зыяндуу нерселерди пайда кылат, ал акырындык менен нормалдуу кан жүгүртүүгө тоскоолдук жаратат», — деген дарыгер.