Ак чачты калыбына келтирсе болобу?

Чач эмне себептен жаш кезекте эле агарып кетерин жана аны кантип калыбына келтирүүгө болорун трихолог Юлия Нагайцева айтып берген.
— Эгерде чач 25 жашка чейинки куракта агара баштаса, аны коңгуроо деп түшүнүү керек. Буга адатта рациондо айрым заттардын жетишсиздиги, стресс жана тукум куучулук сыяктуу үч фактор себепкер болот. 30 жашка чукулдаганда чачка организмдеги физиологиялык өзгөрүүлөрдөн улам ак түшөт.
Чач эрте, башкача айтканда, 25 жашка чейин агарып баштаса темир, жез, цинк жана В тобундагы витаминдердин жетишсиз болуп жатышынан кабар берет. Мындан тышкары, генетика да бар. Чачтын агарышына стресс абалы да себепкер болот. Генетика алдында адам алсыз, а калган эки учур менен күрөшүүгө болот. Ак чач пайда болгонун көрөр замат доктурга кайрылган оң. Эгер эмне жетишпей жатканын дароо аныктап берсе, толуктап-өзгөртүп, чачтын кайсы бир бөлүгүн кайра карартып алууга болот. Тилекке каршы, адамдар өтө кеч болуп калганда келишет. Чачты карартам деген киши чукул арада аракет көрүшү кажет.