Коом

Уролог: Аденома оорусуна чалдыгып, бирок дарылануудан уялып жүрө берген эркектер көп

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда простата бездеринин аденома деген оорусу көбөйүүдө. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнүн башчысы, Саламаттык сактоонун отличниги, жогорку категориядагы дарыгер Нурбол Курманбеков «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

«Бул табарсыктын алдында простата безинин алдында залалсыз шишик пайда болуп, заара чыгаруучу каналдар бузулуп, тез-тез бейшеп ушатып баштайт. Канчалык заара кылса дагы калып калгандай сезим коштойт. Ошондой маалда дарыгерлерге кайрылса, дары менен токтотуп кала алабыз. Бирок кыргыздарда менталитет башкача, чыдап жүрө берип, такыр болбой калганда келгендер көп», — деди дарыгер.

Ошондой эле айтымында, элет жерлерине иш сапарларына чыгып, эркектерге арналган жумалыктар өткөрүлүп турат. Анын эң жакшы жагы-эркектердеги ооруларды башкы стадиясында аныктап, убагында жардам берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

«Бул ооруга кабылгандардын айрымы уялат, айрымы менин курагымда ушундай өзгөрүү болсо керек деген ойдо жүрө беришет. Ошондуктан элге кеңири маалымат берип турушубуз керек. Оору жыныстык органга байланыштуу болгондуктан тартынгандар да, социалдык акыбалы дарыланууга жол бербегени да бар. Кээде оору күчөп кеткендерге аймактарда, жеринде операция жасайбыз», — деди ал.

Дарыгер белгилегендей, оорунун эң негизги белгилерине түндө тез-тез заара ушатуу болуп саналат. Мындай учурда дароо медициналык мекемелерге кайрылуу керек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button