Коом

Алкоголдук продукция акцизинен түшкөн салыктын көлөмү көбөйдү

Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда алкоголдук продукциянын өндүрүлүшү, ага жараша андан түшкөн акциздик салыктын да көлөмү өскөн.

Салык кызматынын текшерүү иштеринин жүрүшүндө, алкоголдук продукция өндүрүүчүлөрдүн заводдорунун кубаттуулугу менен алар өндүрдүк деген продукциянын ортосундагы айырма чоң болуп жатканы аныкталган. Тактап айтканда, мамлекетке түшө турган салык жашырылып келген. Бул боюнча өндүрүүчүлөргө тийиштүү эскертүү берилген.

Натыйжада, өткөн жыл ичинде 2021-жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөр жогорулаган.

Алсак, 2021-жылы 3803 миң дал өндүрүлсө
2022-жылдын жыйынтыгында 4 698,2 миң далды түзгөн.

Буга жараша өндүрүлгөн алкоголдук продукциялардан акциз салыгынын түшүүсү да жогорулады.

2021-жылы 956 миллион 434 миң сом түшсө,
2022-жылы 1 миллиард 780 миллион 103 миң сом түшүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button