Россиянын эмгек министри мигранттардын өлкөгө эркин кирүүсүнө тыюу салууну сунуштады

Россиянын эмгек министри Антон Котяков ведомство учурда Ички иштер министрлиги менен биргеликте өлкөгө эмгек мигранттарын тартуунун азыркы системасын реформалоо жолдорун изилдеп жатканын билдирди. «Ведомости» гезитине берген маегинде ал Россия мигранттарга эркин кирүүгө тыюу салып, «цивилизациялуу моделди» колдонушу мүмкүн деген оюн билдирди.
Котяковдун айтымында, азыркы модель бизнес үчүн белгилүү бир тобокелдиктерди камтыйт, анткени мигранттарды окутуу жана медициналык текшерүүгө кеткен чыгымдарды иш берүүчүлөр көтөрүшөт. Ошол эле учурда жумушчу өз милдеттерин аткарат жана башка ишке кетпейтдеген кепилдик жок. Мисалы, курулуш тармагынан тартып тейлөө тармагына чейин ушундай көрүнүш орун алган.
Министр «цивилизациялуу модель» кадрларды уюшкандык менен кабыл алуунун принцибинде түзүлөрүн айтты. Бул учурда мигрант өз өлкөсүндө окуйт, медициналык текшерүүдөн өтөт жана документтерин даярдайт. Ал эми иш берүүчү башка өлкөдөн чакырылган жумушчу үчүн жоопкерчилик алат.



