Коом

Бүгүн кыргыз сому 31 жашка толду

1993-жылдын 10-майында Кыргызстан өзүнүн улуттук валютасы – кыргыз сомун жүгүртүүгө чыгарган. Быйыл улуттук валютанын кабыл алынганына 31 жыл толду. 

Эгемендүү мамлекет үчүн бул тарыхый окуя өзүнүн акча-кредит саясатын ишке ашыруунун башталышы болуп калган. Ошондой эле улуттук төлөм,  банк тутумунун калыптанышына жана өнүгүшүнө негиз болгон.

Геосаясий жана экономикалык олку-солкулуктарга карабастан, кыргыз сому көп жылдар бою аймактагы эң туруктуу валюталардын бири бойдон калууда.

“Бүгүнкү күндө улуттук валюта – сом өзүнүн туруктуулугу, коргоочу касиеттери боюнча дагы, банкноттордун жасалгасы боюнча дагы башка валюталардын арасында көрсөтүлүүгө татыктуу, эл аралык көргөзмөлөр менен сынактарда жогорку баага ээ болууда”, — деп билдирди Улуттук банк. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button