Коом

УКМК: Жалал-Абад облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды — ВИДЕО

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында уюшкан кылмыштуулуктун бетин ачуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «У.А.М.»  аттуу уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү опузалап акча талап кылып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган жаран үстүбүздөгү жылдын 12-майында өздүк унаасы менен Базар-Коргон шаарынын тургунун күч колдонуп талаага алып чыгып, 150 000 сом акча талап кылгандыгы аныкталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2022-жылдын 15-майында «У.А.М.» мүчөсү 15 миң сом өлчөмүндөгү акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалган.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен катталып, кармалган адам КР УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда, — деп айтылат аталган мекеменин Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button