
“Рахмат, Кыргызстан! Бүгүндөн баштап биз бир тууганбыз!” — деп жазышты колдонуучулар.
“Абайлагыла, алар баатырлар”, “Дептериңерди даярдагыла, эртең биз Кыргызстандагы досторубуздун тилин үйрөнөбүз”, — деп айтылат башка бир мемде.
Ошондой эле алар Омандын дарбазасына топ киргизген Кожо Жоэлди Индонезиянын улуттук баатыры деп аташууда.
Кыргызстан менен Оман командаларынын тең эсепте ойногону Индонезияга тарыхта биринчи жолу Азия кубогунун плей-оффуна чыгууга жол ачты.



