Коом

Бишкекте түнкү клубдарда алдын алуу рейддери өткөрүлдү

Бишкек шаарындагы түнкү клубдарда алдын алуу рейддери өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, профилактикалык акциянын жүрүшүндө көңүл ачуучу жайлардын администрациялары, кызматкерлери жана коноктору менен баңгизаттарды жана психотроптук заттарды сатуу, сактоо жана колдонуу үчүн жоопкерчилик тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Түнкү клубдардын ээлерине ички көзөмөлдү күчөтүү жана укук бузуулар жөнүндө өз убагында билдирип туруу боюнча сунуштар берилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button