Окуялар
Балыкчы шаарында турак үйдөн өрт чыкты

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында турак үйдөн өрт чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө жалпы 2 күжүрмөн эсеп иштеп жатышат.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен саат 20:17де тилсиз жоо чектөөгө алынып, саат 21:54тө өчүрүлдү.
Бактыга жараша тилсиз жоодон жабыркагандар жок.



