Окуялар

Чүйдө кошунасын зымга таңып, мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

Облустук милиция 24-октябрда Аламүдүн районунун Бер-Булак айылындагы үйлөрдүн биринен 73 жаштагы кишинин сөөгү табылганын кабарлады. Ал бутунан башына чейин электр зымына таңылып, канжалаган абалда табылган. 

Маркум жакында эле үйүн 60 миң долларга сатып, ишенген кошунасына “сактап тур” деп бергени аныкталган. Ал эми 28 жаштагы кошунасы акчаны коротуп коюп, кайра кайтарбоо үчүн кошунасын өлтүрүүгө барганы айтылды. 

Шектүү СИЗО-1ге эки айга камалды.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button