Саясат
Ташиев Кыргызстан менен Тажикстан чек араны такташып, макулдашканын билдирди

«Эми юридикалык жактан жоболоштуруу жана парламенттерден ратификациядан өткөрүү маселелери турат. Андан кийин президенттер кол коет. Бир нече айдан кийин чек ара маселеси толугу менен чечилет деп ойлойм», — деди ал.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, эки өлкөнүн делегацияларынын жумушчу топторуна кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилди.



