Спорт
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курамасы Таиландда өткөн Азия чемпионатында 2 коло медаль жеңди

60 кг чейинки салмакта Рыспек Бектенов жана 63.5 кг чейинки салмак категориясында Мирзохид Имамназаров 3-орунду ээлешти.
Чиангмай шаарында өткөн чемпионатка 21 өлкөдөн 210 мушкер катышкан.



