Дүйнө

Сириянын экс президенти Башар Асаддын аталаш тууганы аянтта дарга асылды

Сириянын Латакия шаарында Башар Асаддын аталаш бир тууганы Сулейман Хилал Асад дарга асылды.

Sondakika кабарлагандай, аталаш агасы Асадды эл кармап алып, чогулган эл аны шаардын аянтында дарга асып салышкан.

27-ноябрда Сириянын куралдуу оппозициясы Алеппо жана Идлиб провинцияларында өкмөттүк күчтөргө каршы чабуулду баштаган. 7-декабрда алар Алеппо, Дейр-эз-Зор, Дараа, Хама жана Хомс сыяктуу бир нече ири шаарларды басып алышкан. 8-декабрда оппозициялык күчтөр шаарга киргенден кийин Сирия армиясынын бөлүктөрү Дамасктан чыгып кетишкен. Башар Асад президенттиктен жана өлкөдөн чыгып кеткен. Орусия ага башпаанек берген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button