Дүйнө

АКШнын батышында аптаптуу ысык күчөп, өрт коркунучу жогорулады

АКШнын батыш аймактарында аптап ысык күчөп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук аба ырайы кызматы билдирди.

Синоптиктердин маалыматына ылайык, бир катар аймактарда өрт чыгуу коркунучу өтө жогору. Дем алыш күндөрү абанын температурасынын кескин жогорулашы жана катуу шамалдын айкалышы Вашингтон, Орегон, Монтана, Айдахо жана Вайоминг штаттарында ири өрттөрдүн чыгышына себеп болушу мүмкүн.

Вашингтон штатынын губернатору Роберт Фергюсон өзгөчө кырдаал режимин киргизип, от жагууга тыюу салды. Анын айтымында, рекорддук кургакчылык жана катуу шамал штат боюнча кооптуу абалды жаратууда.

Аптап ысык АКШнын батышындагы 50 миллиондон ашык тургунга таасирин тийгизүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button