Окуялар

Ошто аялын, кайын энесин сабаган деген адам камакка алынды

Ош облусунун ички иштер башкармалыгы аялын жана кайын энесин сабаган деп шек саналып жаткан 35 жаштагы адам Кара-Суу райондук сотунун чечими менен жети суткага камакка алынганын билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 30-ноябрда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Мады айыл аймагынын 64 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 29-ноябрда күйөө баласы сабаганын айткан. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ден-соолугуна жеңил зыян келтирилгени аныкталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button