Коом

Жарандык активист Атай Бейшенбек уулу айып изоляторуна киргизилди

Жарандык активист Атай Бейшенбек улуу айып изоляторуна киргизилди. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан маалымдашты.

Жазаларды аткаруу кызматынын 21-мекемесинде (СИЗО-1) Атай Бейшенбек улууайып изоляторуна киргизилди. Себеби мерчемделген тинтүү иш-чараларын жүргүзүү учурунда айыпталуучудан REDMI үлгүсүндөгү уюлдук телефон табылган.

“Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары” жөнүндөгү мыйзамга ылайык, айыпкер жана соттолгондорго тыюу салынган буюмдарды колдонгондугу жана сактагандыгы үчүн мекеме жетекчисинин токтому менен чара көрүлгөн. Буга чейин дагы 2022-жылдын 22-декабрында тинтүү иш чарасында жанынан уюлдук телефон табылып, мекеме жетекчилиги тарабынан сөгүш жарыяланган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button