Коом

Бишкектеги ышты жоюу үчүн унаалардын катализаторлору жапырт алмаштырылышы мүмкүн

Вице-мэр Таалайбек Байгазиев мэрия кытайлык Циндао институту менен меморандумга кол койгонун билдирди. Анын алкагында шаардагы көмүр менен иштеген отканалар Циндаодо жасалган отканаларга алмаштырылып, унааларга катализаторлорду алып келүү каралып жатканы айтылды. 

Циндаодо жасалган отканалар деле көмүр менен иштейт, бирок көмүр толугу менен калдыксыз күйүп кетет, чыпкалоочу фильтрлер дагы бар. Ал эми катализаторлор унаанын моторунун көлөмүнө карата 4,8 миң сомдон 6,9 миң сомго чейин болору айтылды. 

“Пилоттук долбоордун алкагында Циндаодон бир нече катализатор алдык. Жайында бир унаага орнотуп, кечээ комиссия менен текшерсек сапаты жакшы болуп чыкты. Катализаторлорду жапырт алмаштыруу… Бишкектин ичинде бир күндө 750 миңдей унаа айланат. Азыр ушуларды текшергенге программа иштеп жатабыз”, — Байгазиев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button